Марал Радиосу

Кыргызстанда кесиптик орто билим окуу жайларына 4 миң 131 бюджеттик орун берилди

2021-2022-окуу жылына карата кесиптик орто билим берген билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

2021-2022-окуу жылына 4 миң 131 бюджеттик орун каралган.

Министрлик жана ведомстволордун билдирмелерине ылайык бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

— Билим берүү жана илим министрлиги – 2 миң 309 орун;

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги – 1 миң 335 орун;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 427 орун;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги – 60 орун.

Бюджеттик орун кайсы адистиктер боюнча жана канча берилгенин бул документтен билүүгө болот.