Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын балдар жана кыздар балдар үйлөрүнөн чыгарылат жана алар жашоодо өздөрүн табууга аракет кылышат. Алардын көпчүлүгү буга чейин психологиялык жана физикалык жактан оор учурларды башынан өткөрүп, өз алдынча жашоонун босогосунда жөнөкөй күнүмдүк турмушка даяр эмес болушат. Балдар турмуштун даңгыр жолуна жалгыз түшүп, эч кимдин колдоосу жок, өз жолун жалгыз өзү улантууга мажбур болушат. Жана көпчүлүк учурда социалдык-экономикалык, турак-жай, моралдык психологиялык көйгөйлөргө туруштук бере албай «чөгө» башташат.
2021-жылга карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда 138 балдар үйү бар. Аларда томолой жетимдер гана жашашпайт. Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын көпчүлүгү — ата-энесинин камкордугунан, эң жакын адамдарынан айрылган балдар. Аларга мамлекет тарабынан анчейин колдоо көрсөтүлбөйт жана жардам бере турган эч кимиси жок.
Бирок бактыга жараша, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөткөн «Оэйсис» коомдук кайрымдуулук фонду (ККФ) бар. Аталган фонд жетим балдардын көйгөйүнө мамлекеттик органдардын көңүлүн бурууга жана ошондой эле бул маселени биргелешип чечүүгө аракет кылат.
Алардын кеңсесинде жагымдуу атмосфера, аял кызматкерлердин жылуу сезими сезилет. Боорукердик жана эмпатия болбосо, өзгөчө ортоктоштукка жана жылуулукка муктаж болгон аялуу адамдар менен иштөө кыйын болсо керек.
Уюмдун директору Мээрим Осмоналиева — иш менен абдан алек болгон адам. Ал магистратурада окуйт жана ушуга удаалаш чоң долбоорлорго жетекчилик кылат. Мээрим адам укуктарына көптөн бери кызыгат, ал эми 2015-жылдан тарта балдар үйлөрүндөгү балдар менен максаттуу иштеше баштаган. Мээримдин айтымында, мындай ишти тандоого өзүнүн жеке турмуштук жүйөлөрү себеп болгон: аң-сезимдүү курагында ал атасынан айрылган. Демек, ал жалгыз өзү эмес, чоң үй бүлөсүндөгү эң жакын адамдары, бир туугандары да жетим калган. Ошентип, жакын адамдарынан тышкары, ал балдар үйлөрүндөгү жетим балдарга колдоо көрсөтүүгө аракет кыла баштайт. Кийин бул чөйрөдө бир нече ири изилдөөлөрдү жана долбоорлорду ишке ашырат.
«Оэйсис» фондунун өзгөчөлүгү — фонд Юстиция министрлигинин Пробация департаменти, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешет. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү чоңдордун көйгөйү менен жалгыз калбашы үчүн, системаны өзгөртө турган мыйзамдарды биргелешип иштелип чыгууда. Балдар үйүнөн чыккандан кийин жаштарды мамлекеттик колдоо боюнча методика түзүлүп жатат деп айтууга болот.
Жогорку билим алууну каалагандар үчүн да колдоо көрсөтүлөт: алар үчүн «Билим-Белек» программасы түзүлгөн. Бул краудфандинг платформасы, анда каалаган адам өспүрүмдүн профилин көрүп, анын максаттары жана кыялдары менен таанышып, окуусуна акча чогултууга жардам бере алат. Бул иштердин натыйжасында, бир нече балдар аларды кызыктырган факультеттерге окууга кирип, жакын арада сүйүктүү кесибин өздөштүрө алышат.
Мээрим жана «Оэйсис» фондунун иши жарандык коомдун мамлекет менен натыйжалуу кызматташуусунун, коом үчүн пайдалуу жана маанилүү идеяларды ишке ашыруунун жана аялуу жаштарга олуттуу колдоо көрсөтүүнүн мыкты мисалы болуп саналат.
«Жигердүү жарандар мезгили» — бул өз иш-аракеттери жана активдүү жашоо образы менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп жаткан кыргызстандыктар жөнүндө окуялар. Булар биздин эле досторлорубуз, туугандарыбыз, кесиптештерибиз жана кошуналарыбыз. Алар ыктыярчы болуп, пикирдештер менен биргеликте коомдук уюмдарды түзүп, демилгелери менен коомчулугубузга жана жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушат. Бул окуялар менен, алардын 2020-жылы өлкөгө Ковид-19 эпидемиясына каршы турууга жардам бергени жөнүндө, кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга жардам бергени жөнүндө, жоопкерчиликтүү жана камкор жарандын үлгүсүн чагылдырганы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.