Марал Радиосу

Бишкек шаардык милициясы Орхан Инандынын жарандыгы боюнча үн катты

Түркияга чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын кош жарандыгы болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Шаардык милиция учурда Орхан Инандынын жоголушу боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатканын белгилейт.

Белгилүү болгондой, Орхан Инандыда Түркиянын жаранынын паспорту бар болуп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID-паспортун жана ошол эле жылдын 25-декабрында жалпы жарандык паспортун алган.

«Орхан Инанды 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон Түркиянын паспортун колдонуп, Кыргызстандын чек арасынан 27 жолу кесип өткөн. 2014-2018-жылдары Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия, Түркия жана Индияга барган», — деп билдирет шаардык милиция.

Ошондой эле, ал 2018-жылдан тарта Кыргызстандын паспортун 9 жолу колдонуп, Орусия, Казакстан жана Индияга барып келген.

«Орхан Инандыда Кыргызстандын жана Түркиянын жаранынын паспорттору болгон. Орхан Инанды Түркияда төрөлүп-өсүп, Түркиянын жарандыгынан баш тартпаганын белгилеп коюу керек. Андан тышкары 2019-жылы тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инандынын Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирген.