Марал Радиосу

19-июлдан тарта «Бишкек – Балыкчы» поезди күн сайын каттай баштайт

«Бишкек – Балыкчы» поезди 19-июлдан тарта 31-августка чейин күн сайын каттап баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын билдиришти.

Учурда поезд Балыкчыга жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттоодо.

Билеттин баасы 5-10 жаштагы балдар үчүн 34 сом, 10 жаштан баштап 69 сомду түзөт. 5 жашка чейинки балдардан акы алынбайт.

Пандемияга байланыштуу беткапсыз жарандар поездге түшүрүлбөйт.

Поезд «Бишкек-1» станциясынан эртең мененки саат 07:00дө чыгып, Балыкчыга саат 11:59да жетет. Кайра ошол эле күнү саат 17:15те Бишкекке чыгып, борбор калаага саат 22:03тө келет.