Марал Радиосу

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев COVID-19га каршы эмделди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы эмгек жамааты COVID-19га каршы эмделди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коронавируска каршы эмделген министр башка жарандарды да эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

«Бүгүнкү күнү эмдөө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Эмдөөдөн өтпөгөн адам өзүнө да, туугандарына да коркунуч жаратат. Ал илимий жактан дагы далилденди. Ошондуктан баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырам» – деди ал.

Министрлик, алардын кызматкерлери пандемия башталгандан бери ооруну жуктуруп алуу коркунучуна карабай обсервацияларды, күндүзгү жана түнкү стационарларды ачуу, имараттарды, эл көп чогулган жерлерди дезинфекциялоодо, гуманитардык жардамды жеткирүү иштерин аткарып жатканын белгилейт.