Марал Радиосу

Июнь айында Кыргызстанда цементтин баасы орточо 13%га кымбаттады

Июндан айында Кыргызстанда цементтин (50 кг) орточо чекене баасы  355,1 сомду түзүп, май айына караганда 13%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Цементтин баасы баарынан Кара-Балта шаарында (400 сом), Чаек айылында (399,9 сом) жана Нарын шаарында (394,9 сом) кымбаттаган. Ошол эле учурда Жалал-Абад, Өзгөн (300 сомдон) жана Ноокат (320 сом) шаарларында цементтин баасы арзан болгон.

Андан тышкары июнь айында 1 миң даана кыштын орточо баасы 7 миң 840,8 сомду түзүп, 5%га кымбаттаган.

Эң кымбат баалар Токмок (13 миң 228,8 сом), Исфана (12 миң сом) жана Ноокат (10 миң 247) шаарларында болсо, кыш баарынан арзан Кара-Суу (2 миң 978,1 сом), Кербен (3 миң 741,7 сом) жана Өзгөн (5 миң 899,2 сом) шаарларында сатылган.