Марал Радиосу

Инандынын иши: Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо сунушталды

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду. Анын сонуңда парламент аталган окуя боюнча чечим чыгарып, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, президентке укук оргоо органдарынын жана УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Министрлер кабинети менен Тышкы иштер министрлигине Орхан Инандыны Кыргызстанга алып келүү, анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык аракеттерди көрүү тапшырылды.

Ошондой эле Башкы прокуратурага чет өлкөлүк атайын кызматтардын чалгындоо иштерине бөгөт коюу боюнча иш алып барган жана чек араны кайтарган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын иш-аракетине укуктук баа берүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирди.