Марал Радиосу

Ишкерлерди туум жана айып пулдан бошотуунун мөөнөтү узартылат

Парламентте ишкерлерди 2020-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон салык жана социалдык камсыздандыруу карыздарын толук төлөгөндөн кийин туумдарды жана айыптарды төлөөдөн бошотуу сунушталды.

Жогорку Кеңештин 7-июлдагы  жыйынында «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутат Осмон Турдумамбетов мыйзам долбоору татаал экономикалык кырдаалда калган ишкерлердин көп сандаган кайрылууларына байланыштуу иштелип чыккан.

«2020-жылдан азыркы учурга чейин өлкөбүздө экономикалык каатчылык уланууда. Ишкердик субъектилердин иши токтоп, товар жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурагандыктан кыйын кырдаал жаралууда. Андыктан аталган көйгөйдү чечүү мезгил талабы», – деди депутат.

Эл  өкүлү Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору аркылуу пандемияга чейин 5-10 жыл мурунку карыздары да каралып, каралбай турганын сурады. Министрлер кабинетинин өкүлү Бекболот Алиев 2020-жылдын 1-июлуна чейинки топтолгон карыздардын негизги суммасы толук төлөнсө, туумдар жана айып пулдар жоюларын айтты.

Пандемия учурунда бизнеси жабыркаган жарандарды колдоонун мөөнөтү 2021-жылдын 1-июлуна чейин жарактуу болчу. Аны узартууну депутаттар сунуштаган. Азыр дагы бир жылга узартылды.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.