Марал Радиосу

Салык кызматы унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөө мезгили келгенин эскертет

Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калганын эскертет.

Салык кызматынан белгилешкендей, 1-сентябрга чейин транспорт каражаты, 2-сентябрга чейин турак үйлөр, батирлер үчүн (ишкердик иш үчүн колдонулбаган) жана жер салыктарын төлөө зарыл.

Салыкты банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка жол аркылуу төлөөгө болот.

Салыктын суммасын Салык кызматынын сайтындагы электрондук калькулятордун жардамы менен өз алдынча эсептөөгө болот (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор).

Толук маалыматты «116» номери аркылуу же Салык кызматынын сайтынан алууга болот.