Марал Радиосу

Быйыл жарым жылда пенсия жана жөлөк пулдарга дээрлик 25 млрд сом сарпталды

Быйыл жарым жылда Кыргызстанда пенсия жана жөлөк пулдарды төлөөгө 24 млрд 932,6 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкек шаарында — 4 млрд 76,6 млн сом;

— Чүй облусунда — 3 млрд 835,9 млн сом;

— Нарын облусунда — 1 млрд 989,4 млн сом;

— Ысык-Көл облусунда — 2 млрд 274,3 млн сом;

— Талас облусунда — 1 млрд 31,9 млн сом;

— Ош шаарында —894,9 млн сом;

— Ош облусунда — 4 млрд 563,9 млн сом;

— Баткен облусунда — 1 млрд 993,1 млн сом;

— Жалал-Абад облусунда — 4 млрд 272,5 млн сом.

Июнь айында пенсия менен жөлөк пулдарга 4 млрд 178,1 млн сом сарпталган.