Марал Радиосу

Бакашова: Медицина кызматкерлеринин түйшүгүн жеңилдетүү үчүн эмдөөдөн өтүңүздөр

Бүгүн, 7-июлда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова медицина кызматкерлеринин түйшүгүн жеңилдетүү үчүн жарандарды эммөөдөн өтүүгө чакырды.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү өлкөдө 125 миңден ашык киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 82 миңден ашык киши вакцинанын эки дозасын алган.

«Урматтуу мекендештер коронавирус инфекциясына көпчүлүктүн иммунитети пайда болушу, жугуштуу ооруга чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан медицина кызматкерлеринин түйшүгүн жеңилдетүү жана кадимки жашоого кайтып келүү үчүн ар бириңиздерди эммөөдөн өтүүгө чакырам. Ошондой эле санитардык эрежелерди сактоону унутпаңыздар», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө кытайлык Sinopharm жана орусиялык Спутник V вакциналары менен  жүргүзүлүүдө.