Эртең, 7-июлда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаабайт. Күндүз айрым райондордо жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19… +24, күндүз + 35 … +40;
Талас облусунда түнкүсүн + 17 … +22, күндүз +34 … +39;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 21… +26, күндүз +36 … +41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +27 … 32;
Нарын облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +25 … +30 градус ысык болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +22… +24, күндүз +38… +40 градус ысык болот.