Марал Радиосу

Кыргызстандын эки тасмасы Казандагы эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргызстандын кыска метраждуу эки тасмасы Казандагы (Татарстан) Мусулман киносунун эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Кинофестивалга Кыргыз-түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрү Айпери Усманованын «Кыз бала» жана Лунара Жээнбекованын «Тогуздан кийинки эгиз» тасмалары катышат.

Фестиваль 5-10-сентябрь күндөрү өтөт.