Марал Радиосу

Жактоочу: Түркиянын аракети Кыргызстанды «жаакка чапкандай» болду

Бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркияга жеткирилгени расмий жарыяланды.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган элге кайрылуусунда өлкөнүн улуттук чалгын уюму Орхан Инандыны Түркияга жеткиргенин айтты.

Кыргызстандын бийлиги азырынча окуя тууралуу комментарий бере элек. Коомчулук Кыргызстандын жарандыгын алган адамдын коопсуздугу сакталбай жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

Орхан Инандынын ишин карап жаткан жактоочу Таалайгүл Токтакунова бул окуяны өлкөнүн алсыздыгы менен байланыштырды. Ал биринчи кезекте кыргызстандык жарандын коопсуздугу, өмүрү Конституция менен кепилденгенин эске салды.

— Акыркы болгон окуя биздин өлкөнүн алсыздыгы деп айтса болот. Анткени Түркия тарабынан уурдалган адам эң биринчи кезекте Кыргызстандын жараны. Биздин Башкы мыйзам өлкө жаранынын өмүрүн, коопсуздугун сактоого эң чоң кепилдик берет. Түркия президенти: «Улуттук чалгындоо кызматы оригиналдуу жана сабырдуу иш-аракеттердин аркасында Орхан Инандыны алып келди», — деп жатпайбы. Бул биздин өлкө үчүн «жаака чапкандай» аракет болду.

Биздин бийлик уурдалган өз жаранын 35 күндөн бери издеп жатабыз деп, курулушу бүтпөй калган имараттардан издешкенин айтып келишти. Бул — өлкөнүн алсыздыгы.

Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күч органдарына тапшырган. ИИМ «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

Орхан Инандынын тарапташтары ал жоголгон күндөн бери кыргыз бийлигине кайрылып, табылышын талап кылган акцияларды өткөрүп келишти. Бүгүн, 6-июлда да Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Орхан Инандыны мекенине кайтарууну талап кылгандар чогулду.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин маалыматы боюнча, Орхан Инанды 1968-жылы Түркияда Кахраман Мараш шаарынын Андырын районунда туулган.

Тарых мугалими, Анкарадагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алган.

Кыргызстанга келгенге чейин Анкара, Трабзон шаарларында мугалим, мектеп директору болуп иштеген.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп иштеп келе жатат.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эл аралык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштөөдө. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Орхан Инанды Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.