Марал Радиосу

Фарид Ниязов 10-августка чейин камакта калтырылды

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 10-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына Ниязов камакта негизсиз кармалып жатканын жазган.

Эскерте кетсек, Ниязов 2019-жылдагы Кой-Таш окуяларынан кийин кармалган. Былтыр 5-6-октябрь окуялары учурунда бошотулган. Андан кийин 9-октябрда борбордук аянтта болгон окуяга байланыштуу «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси ачылган иштин алкагында кайра кармалган.

 

Exit mobile version