Марал Радиосу

Нарында диний экстремисттик уюмдун мүчөсү көз карашынан баш тартты

Нарында «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөсү экстремисттик көз караштарынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, Нарын облусунда Ш.Б.у. аттуу тургун Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний экстремисттик уюмдун мүчөсү экени аныкталып, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

30-июнда Кочкор районунун хатибиятынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Ш.Б.у. көз караштарынын жаңылыштыгын мойнуна алып, экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тарткан. Ошондой эле ал башка тургундарды да жаңылыш ойлордун таасиринен сак болууга чакырган.