Кечээ, 4-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Реформа» партиясынын «Келечек-Будущее» партиясына карата жазган арызын карап чыкты.
«Реформа» партиясы арызында эки аял алууну мыйзамдаштыруу сунушу менен чыккан «Келечек-Будущее» партиясынын карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аймактык комиссия карап чыгып, «Келечек-Будущее» үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуу тапкан эмес.