Марал Радиосу

Филиппинде авиакырсыктан кеминде 17 киши курман болду

Филиппин аралдарынын түштүк-чыгыш аймагында аскер учагы кулап, авиакырсыктын кесепетинен кеминде 17 киши курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү Inquirer маалыматтык порталы өлкөнүн коргоо министри Делфина Лорензануга шилтеме берип жазды.

Алдын ала маалыматтарга караганда дагы 40 киши ар кандай жаракат алган.

Белгилей кетсек, бүгүн Филиппин аралдарындагы Сулу провинциясына караштуу Холо аралында С-130 аскер учагы конуу аракетин көрүп жатып, кулап түшкөн. Учактын ичинде экипаж мүчөлөрү менен чогуу жалпы 92 адам болгон.

Филлипин куралдуу күчтөрүнүн генералы Сирилито Собехананын билдирүүсүнө ылайык, учак конуп жатып, учуу-конуу тилкесинин сыртына чыгып кеткен.

Учурда куткаруу иштери уланып, кырсыктын себептерин аныктоо аракеттери көрүлүп жатат.