Марал Радиосу

Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылат

Cropped hand wearing a nitrile glove holding a Covid-19 vaccine vial and a syringe

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, кошумча эмдөө түйүндөрү медициналык мекемелерден тышкаркы жайларда ачылат. «Космопарк», «Таш-Рабат», «Балдар дүйнөсү», «Чынар» соода оюн-зоок жайларында жана «Семетей» мектебинде жалпысынан 9 эмдөө түйүнү ишке киришет.

Ошондой эле, Бишкекте 118 ыкчам кеңеш берүү тутумунун саны көбөйтүлөт. Учурда шаардагы төрт медициналык мекемеде 12 линия иштеп жаткан болсо, жакынкы күндөрү 20га жеткирилерин шаардык саламаттык сактоо департаменти маалымдаган.

1-июлга карата Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделген.