Марал Радиосу

ЖОЖдорго абитуриенттерди каттоо жана тандоо тартиби (түшүндүрмө)

Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу онлайн режимде жүргүзүлөт. Сынакка катышуу үчүн бүтүрүүчүлөр 2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы «Абитуриент онлайн» автоматтык-маалыматтык тутуму аркылуу билдирме бериши керек. Бултууралуу «Маралга» билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымдады.

«Аталган сайтта ЖОЖдорго тапшыруу үчүн онлайн каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылып, бардык видеокөрсөтмөлөр жүктөлгөн. Абитуриенттер, билим берүү уюмдарынын директорлорунун да жеке кабинетке кирүүсү үчүн логин жана паролдор алынган. Учурда порталга республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 94%ы катталды. Мындан тышкары онлайн каттоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта дарегине жөнөтсөңүз болот: abiturientonline2021@gmail.com», — деди ал.

2021-2022-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго талапкерлерди тандоо жана каттоо турларынын графиги:

— Биринчи тур 12-июль саат 9:00дөн 14-июль саат 14:00гө чейин абитуриенттер катталат, 15-июль саат 9:00дө окууга өткөндөрдүн тизмеси жарыяланат, 15-17-июлда студент тандаган окуу жайын тастыктайт;

— Экинчи тур да жогорудагыдай тартипте 19-июлдан 23-июлга чейин өткөрүлөт;

— Үчүнчү тур министрликтин чечимине жараша 26-31-июлда болот.

Өмүров ЖОЖдорго кабыл алуу тартиби боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

«Биринчи турга катышуу үчүн сынак 12-июлда башталат, арыздарды тапшыруу 14-июлда саат 14:00дө аяктайт. 15-июлда саат 10:00гө чейин окуу жайга өткөн абитуриенттердин тизмеси жарыяланат. Сынактан өткөн балдар үч күндүн ичинде, башкача айтканда, 17-июлда саат 17:00гө чейин тандаган адистиги боюнча окууга каалоосун тастыктоосу керек, антпесе анын орду бош деп эсептелет», — деди ал.

ЖОЖго тапшыра турган студент электрондук системага төмөнкү документтерди сканерлеп тиркеши керек:

Ошондой эле кабыл алынган студенттер окуу жылынын башында тапшырган окуу жайына ушул документтердин түп нускасын бериши керек.