Марал Радиосу

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бүгүн, 4-июлда Бишкектин борбордук бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Жарык шаардын Фрунзе, Раззаков, Жумабек жана Эркиндик бульвары менен чектелген бөлүгүндө эртең мененки саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин жок болушу мүмкүн.

Электр жарыгы «Түндүк электр» ишканасы көмөк чордонунда оңдоо иштерин жүргүзгөнгө байланыштуу өчүрүлөт.