Марал Радиосу

Бишкекте мектеп жана соода борборлорунда COVID-19га каршы эмдөө пункттары ачылат

Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн кошумча 9 пункт ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Алардын үчөө Октябрь районунда жайгаша турган болсо, Биринчи май, Ленин жана Свердлов райондорунда экиден эмдөө жайлары ачылат.

Свердлов жана Октябрь районундагы эмдөө пункттары «Космопарк», «Таш- Рабат», «Детский мир», «Чынар» соода борборлорунда жана «Семетей» мектеп-гимназиясында жайгашат.

Мэрия жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.