Марал Радиосу

Евро-2020: Испания менен Италия жарым финалга чыкты

Футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалына чыккан биринчи жуп аныкталды.

Чейрек финалдын биринчи оюнунда Швейцария менен Испания беттешти. Эки кураманын оюну узакка созулуп, пенальтиге чейин жетти.

Негизги 90 мүнөттө оюн 1:1 эсебинде тең чыгып, кошумча берилген 30 мүнөттө да эки команданын бири алдыга чыга алган жок. Бирок пенальтиде испаниялыктар атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңип чыкты.

Андан кийин Бельгия менен Италиянын курамалары ойноду. Анда Италиянын футболчулары атаандаштарын 2:1 эсебинде утуп алды. Италиялыктарда биринчи голду Николо Барелла, экинчисин Лоренцо Инсинье киргизди. Ал эми Бельгиядан жалгыз голду Ромелу Лукаку киргизди.

Эми жарым финалда Испания менен Италия бири-бири менен ойнойт.

Бүгүн, 3-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Чехия менен Даниянын, андан кийин 4-июлга караган түнү саат 01:00дө Украина менен Англиянын оюндары болуп өтөт. Бул эки беттеште жеңүүчү чыккан курамалар жарым финалда бири-бирине каршы ойношот.

Жарым финалдын беттештери 7-июлда башталат.