Марал Радиосу

COVID-19: Илдет 1 миң 352 кишиден табылып, 8 киши каза болду

Бүгүн, 3-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 352 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 803, Ош шаарында — 42, Чүй облусунда — 189, Ош облусунда — 67, Талас облусунда — 29, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда — 37, Жалал-Абад облусунда — 80, Баткен облусунда — 81 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 665 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 8 адам каза болгон: Бишкекте – 4, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 2 жана Жалал-Абад облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 3 миң 864 адам, ал эми амбулатордук түрдө 10 миң 318 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 79 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 514 адамдын абалы орто оор, 1 миң 97 киши оор жана 174 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 129 миң 232 учур катталды. Анын ичинен 111 миң 934 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 27 бейтап каза болду.

Exit mobile version