Марал Радиосу

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп Уланбек Тотуяев дайындалды

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп Уланбек Тотуяев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин башка жарлыгына ылайык, Эрик Бейшембиев Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулган.

Уланбек Тотуяев 1980-жылы 17-сентябрда төрөлгөн. Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директору болуп келген.