Марал Радиосу

Чоң Чүй каналынан аялдын сөөгү табылды

Чоң Чүй каналынан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналга аял киши (аты-жөнү такталууда) түшүп кеткен. Аталган канал Чоң Чүй каналына кошулуп кетет. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу барган.

Аялдын сөөгү Чоң Чүй каналынын Патрис Лумумба көчөсү тушунан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.