Марал Радиосу

Алай районунда сел жүрүп, үйлөрдүн короосун каптады

Алай районунда сел жүрүп, үйлөрдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 1-июлда Ош облусунун Алай районунда сел жүрүп, Курманжан Датка айылындагы 6 үйдүн короосун каптап кеткен.

Атайын чакырык менен барган ӨКМдин 3 куткаруучусу саат 20:45те короолорду толук тазалап беришти.