Марал Радиосу

Психолог: Зомбулуктун көбөйүшүнө руханий жардылык себеп

Кыргызстандагы жалпы статистикалык маалыматка караганда жылына 10 миңден ашуун адам үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Кордук көргөндөрдүн басымдуу бөлүгү аялзаты болорун тиешелүү органдар белгилеп келишет.

Албетте бул коомчулукка белгилүү болуп, тиешелүү органдар тарабынан расмий каттоого алынгандары, фактынын негизинде кылмыш иши козголгондору гана. Көмүскөдө калып, жаап-жашырылып кеткен учурлар мындан да арбын. Өзгөчө аймактарда уят деген аң-сезим менен канчалаган аялдардын укугу тепселүүдө.

Аталган маселелер боюнча юрист Жылдызбек Калыгулов буларды белгилейт:

«Албетте, жогорудагы көрүнүштөргө өлкөнүн экономикалык абалынын туруксуздугу терс таасирин тийгизбей койбойт. Учурда тилекке каршы, калктын калың катмары билимсиз, жумушсуз, тарбиясыз. Ошол нерсенин айынан аял-эркектин ортосунда түшүнбөстүктөр көп болуп, жыйынтыгында аялдардын басымдуу бөлүгү зордук-зомбулукка дуушар болуп жатат Ал эми кыздардын, жаш өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулукка кабылышынын бирден бир себеби: ички-тышкы миграция агымынын таасири чоң болууда. Маселен, жаш өспүрүмдүн ата-энеси балдарын карыган ата-энесинин колуна же дагы жакын туугандарынын колуна таштап кетет. Жыйынтыгында балдар кароосуз калат, анан жанагындай зордук-зомбулукка кабылат. Өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү жакын туугандарынан кордук көрөт».  

Ал эми «Сезим» кризистик борборунун социопсихологу зордук-зомбулук мурда эле болуп келгенин, бирок акыркы жылдарда болуп көрбөгөндөй күч алганын айтат. Айрыкча былтыркы карантин учурунда жалпы кылмыштардын 62 пайызын үй-бүлөлүк зомбулук түзгөн. Бул көрүнүштөрдүн азайбай жатышына айрым учурда ала качуунун чоң кылмыш катары каралбай жатышы да себеп болууда.

«Ала качууга шектелгендин үй камагына чыкканы – күч органдарынын, сот органдарынын кайдигер мамиле жасаганы. Негизи мыйзам боюнча ала качуу оор кылмыштарга кирет. Бирок коомчулук аны салтка байлап, чоң кылмыш катары карабайт. Мындай кылмыштын көбөйүшүнө себеп көп. Маселен: жаза мыйзамы жеңил болуп, ал да толук иштебеси; адамдардын маданиятынын төмөндүгү; билим деңгээлдин деградацияга учурашы. Жашы жете элек балдардын зордук-зомбулукка кабылуусунан коомчулукта адамдардын жоопкерчилиги төмөндөп кеткенин байкасак болот. Балдар кароосуз калып ушундай оор кылмыштар улам болуп жатат».

Психолог Асел Сүйүмбаева үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгуусунун бир катар себептерине токтолуп өттү:

«Зомбулуктун бир себеби: руханий дүйнөнүн жакырланып бараткандыгы. Биз азыр: «Кантип жумуш табуу керек? Акчаны кайдан табам? Баламды кантип багам? Канткенде муктаждыктарымды канааттандырам?» деген сыяктуу ойлор менен гана жүрүп калдык. Экинчиден, үй-бүлө кандай болорун толук кандуу түшүнбөй же бири-бирин сыртынан көрүп эле никелешип жатышат. Анын көбү кайра ажырашып кетишет. Ал ортодо бала пайда болот. Үй-бүлөнү туура тандоо керек. Ага олуттуу мамиле жасоо керек. Анан материалдык муктаждыкка аябай берилип алдык. «Жашоодо эмнени каалайм? Максатыма кантип жетсем болот? Өзүмдү кантип өнүктүрөм? Балдарыма канткенде туура тарбия бере алам? Кантип фантазиясын күчөтсөм болот?» деген сыяктуу ой жүгүрткөндөр күндөн күнгө азайып баратат. Дагы бир маселе: балага кенедейинен жыныстык, адеп-ахлактык тарбия берүү шарт. Ата-эне кызга кандай мамиле кылуу керектигин, эркек балага кандай мамиле кылуу керектигин үйрөтүүсү зарыл».

Айта кетсек, кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, ага көмөктөшкөндөргө 200 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Ал эми зордук-зомбулук жасаган адамга күнөөсүнүн түрүнө жараша 2 жарым жылдан 15 жылга чейинки эркинен ажыратуу каралат.

Даярдаган: Орозгүл Аташова

Exit mobile version