Марал Радиосу

Орхан Инандыны издөө иштерине УКМКнын кызматкерлери тартылган эмес

Июль айынын башында уурдалган Орхан Инандыны издөө иштерине УКМКнын кызматкерлери тартылган эмес. Бул тууралуу Орхан Инандынын жактоосу Таалайгүл Токтакунова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, Инандыны издөө иштерин Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы түзгөн ыкчам-тергөө тобу жүргүзүүдө. Ал топко УКМКнын кызматкерлери киргизилген эмес.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган.

Exit mobile version