Марал Радиосу

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн жумуш издөө боюнча бирдиктүү тутум ишке кирди

Бүгүн, 1-июлдан тарта ЕАЭБ мамлекеттеринде биримдикке кирген өлкөлөр ичинде жумуш издөө боюнча «Чек арасыз жумуш» тутуму ишке кирди.

Ал тутумга уюмга мүчө 5 өлкөнүн жумуш издөө боюнча маалыматтык порталдары интеграцияланган. Анда ЕАЭБ мамлекеттериндеги жумуш берген мекемелер жана иш издеген адамдар тууралуу маалымат бар.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Армения, Орусия, Беларусь мүчөлүк кылат.