Марал Радиосу

Садыр Жапаров куткаруучуларды кесиптик майрамы куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда куткаруучуларды кесиптик майрамы жана Өзгөчө кырдаалдардар министрлигинин мааракеси менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин, куткаруучуларды жана ардагерлерди министрликтин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалады.

«Сиздер өз өмүрүңөрдү тобокелге салып, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн алгачкылардан болуп жардамга келүүгө даярсыздар. Жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистердин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында коомдо кадыр-баркка жана сыйга татыктуу болуп жатасыздар. Биздин куткаруучулар учурдагы дүйнөлүк пандемияга каршы күрөшүүгө активдүү катышып, обсервациядагы жарандарды ысык тамак, алгачкы керектүү буюмдар менен камсыз кылып, дезинфекция иштерин жүргүзүп, гуманитардык жардамдарды кабыл алып, тиешелүү жерлерге жеткирип берип, болгон күчүңүздөрдү жумшадыңыздар. Мекеменин ардагерлерине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиремин» , — деди президент.

Ошондой эле ал куткаруучулардын эл аралык гуманитардык операцияларды жүргүзүүдөгү чоң тажрыйба менен ӨКМ кызматкерлери Афганистан, Түркия, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан жана Японияда болгон кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз салымдарын кошкондугун белгиледи.