Марал Радиосу

11-июлдан тарта Ташкенттен Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачылат

11-июлдан тарта Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Ташкент-Тамчи-Ташкент» аба каттамын «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясынын учактары тейлейт.

Каттамдар жумасына бир жолу – жекшемби күнү жасалат.

Учуу убактысы: 1 саат 30 мүнөт.