Марал Радиосу

Пакистандын өкмөт башчысы июль айында Өзбекстанга келет

Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан июль айында Өзбекстанга келет. Бул тууралуу Podrobno.uz агенттиги жазды.

Бул анын Өзбекстанга жасаган алгачкы сапары болмокчу.

«Сапардын максаты эки мамлекеттин соода-экономикалык алакасын арттыруу болуп саналат. Өзбекстан Пакистанга Борбор Азияга чыгуу үчүн жол ачып бериши мүмкүн. Анын ордуна Пакистан Өзбекстанга өзүнүн деңиз портторун пайдаланууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.