Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшырат. Бул тууралуу Президенттик админстрациянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулду. Бардык катышуучулар алдын ала ПЧР-тест тапшырышкан.
Салатанат саат 10:00дө башталат.