Марал Радиосу

Феруза Жамашева Жогорку Соттун судьясы кызматынан бошотулду

Феруза Жамашева мөөнөтүнөн мурда Жогорку Соттун судьясы кызматынан бошотулду. Ал боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Токтомду 100 депутат колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.

Жамашева өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан бошотулган.

Эскерте кетсек, Жамашева Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча судьясы кызматында иштеп келген.

Exit mobile version