Марал Радиосу

«Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамын Жогорку Кеңеш четке какты

Макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган вариантын Жогорку Кеңеш четке какты.

Эске салсак, 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун демилгелеп, аны Жогорку Кеңеш кабыл алган. Буга каршылык көрсөткөн бир жарандар нааразычылык акцияларына чыккан. Андан соң ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга вето коюп, макулдашылган вариантын кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

Бул мыйзамды кайра кароо маселеси көтөрүлүп, Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 2-июнунда мыйзам боюнча макулдашуу тобун түзүү жөнүндө № 4615-VI токтомун кабыл алган.

Макулдашуу тобу мыйзамды «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» деген аталышка өзгөртүп, бир катар оңдоп-түзөөлөрдөн соң, Жогорку Кеңешке кийирген. Парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети 28-июнда жалпы жыйында кароого жөнөткөн.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, бир катар талаш-талкуулардан кийин добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жыйынтыгында, 59 макул, 38 каршы добуш менен мыйзам четке кагылды.