Марал Радиосу

Германия Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетти

Кечээ, 29-июнда Германия Ооганстандагы акыркы аскерлерин чыгарып кетти.

Немис аскерлери Ооганстанга 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон окуядан кийин жөнөтүлгөн. Ал убакыттан бери миссия учурунда Германиянын 59 аскери каза болгон. Германия бул миссиясына 18 млрд доллар сарптаган.

Германиянын аскерлери АКШ менен НАТО Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү чечимин кабыл алгандан кийин үйүнө кайта баштаган. Май айына чейин Ооганстанда 1 миң 100 немис аскери болуп келген. Германия НАТОго мүчө мамлекеттердин арасында Ооганстандагы аскерлеринин саны боюнча АКШдан кийинки эле орунда турган.