Марал Радиосу

Путиндин түз эфирине карата жарандардан 1 млн 200 миңден ашык суроо түштү

Орусиянын президенти Владимир Путиндин бүгүнкү, 30-июндагы түз эфирине карата жарандардан 1 млн 256 миңден ашык суроо түштү.

Суроолордун 658 миң 183ү колл-борбор, 331 миңден ашыгы  СМС же ММС, 129 миң 336сы moskva-putinu.ru сайты аркылуу жана дээрлик 104 миңи «Москва – Путинге» тиркемеси аркылуу жөнөтүлгөн. Андан тышкары 33 миң 487 суроо социалдык тармактар аркылуу жиберилген.

Белгилей кетсек, суроолорду кабыл алуу 20-июнда 12:00дө башталган жана бүгүнкү түз эфир аяктаганга чейин уланат.

Түз эфир Москва убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.