Марал Радиосу

Бүгүн Путин түз байланышта жарандардын суроолоруна жооп берет

Бүгүн, 30-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин түз байланыш аркылуу жарандардын суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Түз эфир Москва убактысы боюнча саат 12:00дө башталат. Ал «Маяк», «Вести FM» жана «Радио России» радиостанцияларында, НТВ, ОТР, «Мир» телеканалдарында түз көрсөтүлөт.

Путин түз эфирде жарандарды кызыктырган суроолорго жооп берет. Каалоочулар суроолорун «Москва – Путинге» тиркемесинин жардамы менен түз видеобайланыш аркылуу узата алат. Ошондой эле суроолорду moskva-putinu.ru сайты, 0–40–40 жана 8–800–200–40–40 номерлери аркылуу СМС же ММС кат түрүндө, «ВКонтакте» жана «Одноклассники» социалдык тармактарындагы vk.com/moskvaputinu жана ok.ru/moskvaputinu тайпалары аркылуу жазма же видеотасма түрүндө жөнөтсө болот.

Суроолорду кабыл алуу 20-июнда 12:00дө башталып, бүгүн, 30-июнда түз эфир аяктаганга чейин уланат.