Марал Радиосу

Ооганстандын командасы көк бөрү боюнча Президенттин Кубогуна катышат

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна Ооганстандын командасы да катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

28-июнда федерациянын баш катчысы Куватбек Аскарбековдун Ооганстандын көк бөрү боюнча «Кандагар» командасынын жетекчиси Кайс Хасан менен онлайн жолугушуусу өткөн. Анда көк бөрүнү жайылтуу, тажрыйба алмашуу маселелери талкууланган. Ооганстандын көк бөрүчүлөрү кыргызстандык улакчылар менен бирге машыгууларды өткөрүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна катышары сүйлөшүлгөн.

Турнир Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай август айынын аягында Чолпон-Атада өтөт.