Марал Радиосу

Чек ара аймактарында кызматтык тартип жана мыйзамдуулук бекемделет

Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги Аскат Султаналиев полктун Баткен шаарында жайгашкан ротасынын өздүк курамын көзөмөлдөө үчүн иш сапарда жүрөт.

Иш сапардын негизги максаты: кызматкерлерди моралдык-психологиялык жактан тарбиялоо, колдоо, ишине дем берүү, ошондой эле турмуш-тиричилик шартын изилдеп, кызматкерлер арасында кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту жана өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртуу, чек ара аймактарында кыраакылыгын жогорулатуу.

Эскерте кетсек, полктун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын өздүк курамы Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында күнү-түнү кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сакталышын көзөмөлдөөдө.