Марал Радиосу

«Медициналык академиянын студенттери жардам көрсөтөт деген маалымат эски»

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери COVID-19 жуктуруп алган жарандарга акысыз жардам көрсөтүп жатат деген маалымат жалган экенин билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам медициналык академиянын студенттери коронавируска чалдыккан жарандарга барып, акысыз жардам көрсөтүп жатканы тууралуу маалымат тараган.

«Ал эски маалымат. Учурда студенттер эч жакка чыккан жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, былтыр дал ушул убакта эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган кезде медициналык академиянын студенттери бейтаптарга барып акысыз жардам көрсөтүп турушкан.