Марал Радиосу

Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына дагы бир каттам кошулду

Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына каттамдар көбөйүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Флай Дубай» авиакомпаниясы ушу жылдын 25-июнунан баштап Дубай-Бишкек-Дубай маршруту боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 14 каттам (күн сайын 2 каттамдан) аткарылмакчы.