Марал Радиосу

Кара-Балтада батирден эркек кишинин сөөгү табылды

Кара-Балтада батирден эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын 40-лет Киргизии көчөсүндө жайгашкан №10 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 62 жаштагы К.А. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.