Марал Радиосу

Мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 %га чейин кыскартылат

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Президенттик Администрациянын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик мекемелердин, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.

Сунушталсын:

— Жогорку Кеңешке, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 %га чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;

— Жогорку Сотко, Конституциялык сотко, жергиликтүү сотторго жана Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30%га чейин кыскартуу;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 %га чейин кыскартуу.

Министрлер Кабинети:

— кыскартылган кызматкерлерге мыйзамдага ылайык бошонуу жөлөк пулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;

— бошотула турган кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;

— Ченемдик-укуктук актылар ушул Жарлыкка ылайык келтирилсин.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, президенттин Иш башкармасы ушул Жарлыктын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ишти жүргүзсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.