Марал Радиосу

Назгүл Турдубекова: 2019-жылдан бери 3 балдар үйүн жабууга жетиштик

Кыргызстанда балдар үйлөрүн жоюп, фостердик үй-бүлөлөрдү түзүү жана өз ата-энесине кайтаруу иштери акырындап жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу «Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, реформа кылуу маселеси 2018-жылы активдүү формада башталып, 2019-жылы өкмөттүк деңгээлде 5 балдар үйүн реформалоо тууралуу токтом кабыл алынган.  Анда балдардын биологиялык ата-энесин таап, жардам көрсөтүү, баланы жайгашкан интернаттан алып, үй-бүлөсүнө кайтаруу, майыптыгы бар болсо, жашаган районунда инклюзивдүү билим берүү системасын киргизүү каралган.

Мындай иштердин алкагында, токтомдо 5 мекеме каралса, учурда алардын үчөө жабылды. Балдар ата-энелери менен биригип, билим алууга укугу ишке ашырылды.

«Мисал катары айтсам, Кочкор районунда Даун синдрому менен жабыркаган 7 жашар кызды жөнөкөй мектепке албай коюшкан. Аны майыптыгы бар болгону аз келгенсип, ата-энесинен ажыратып, алыскы бир атайын интернатка жөнөтүп коюшкан. Өкмөт жыл сайын ал кызды интернатта багууга 3 миң доллар кетирип атат. Ал жакта балага жагымдуу шарт түзүлдү деп айтса болобу? Жок. Биз ата-энеси, мектеп мугалимдери менен сүйлөшүп, кайра  үйүнө кайтардык. Атайын адистер менен иштешти. Азыр кыз аябай өзгөрүлгөн. мурункудай коркок, тартынчаак эмес, мектептеги жагымдуу кыз», — дейт ал.