Марал Радиосу

Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 28-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерное айылында 41-көлмөгө 41 жаштагы К.А. аттуу жаран чөгүп кеткен.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version