Марал Радиосу

АКШ Сирия-Ирак чек арасындагы базага абадан сокку урду

АКШ Сирия менен Ирактын чек арасындагы Иран колдоого алган топтордун курал-жарак сактаган базасына абадан сокку урду. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды.

АКШ Коргоо министрлиги (Пентагон) чабуул согушчул күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын жок кылуу максатында президент Жо Байдендин буйругу менен жасалганын маалымдаган. Аталган базалар «Катаиб Хезболла» жана «Катаиб Сайид аш-Шухада» террордук топторуна таандык болгон.

Иранчыл күчтөр чабуулдан төрт адам каза тапканын билдиришти.

Ал эми Сириянын  Al-Ikhbariya мамлекеттик телеканалына Дайр-Аз-Зор провинциясындагы кабарчысы АКШнын дрон соккусу Ирак-Сирия чек арасындагы Абу-Камал шаарына да жасалып, бир тестиер кыз каза таап, үч жай тургун жаракат алганын кабарлаган.