Марал Радиосу

Жайкы окутуу. Окуучу күткөн мугалим ким? Видео

Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Окуучу күткөн мугалим» аталышында республикалык семинар өтүп жатат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан келген мугалимдер катышууда.

ЮСАИД «Окуу керемети» долбоорунун улуттук тренери Нургүл Шарапова «Заманбап окутуунун жана баалоонун технологиялары» аталышында окутуу өтүп жатат.

Мугалимдер алгач окуучу күткөн мугалим кандай болушу керектигин талкуулашты.

Анда мугалимдердин оюн угалы: