Марал Радиосу

Бактыбек Турдубеков «Бишкек штамптоочу заводуна» жетекчи болду (өмүр баяны)

Бактыбек Турдубеков Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Бактыбек Турдубеков 1977-жылы 5-майда Каракол шаарында төрөлгөн.

Билими:

2007-жылы — Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетин аяктаган;
2012-жылы — Эл аралык университеттин юриспруденция багыты боюнча бакалавр даражасын алган.

Эмгек жолу:

2005-2008-жылдары — «Абант Сервис» тазалоо компаниясынын башкы директору;
2006-2008 -жылдары — «Эл аралык «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү;
2008-2011-жылдары — «Түндүк электр» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү;
2008-2010-жылдары — «Бишкек машина куруу заводунун» биринчи вице-президенти;
2009-2011-жылдары — «Бишкек жылуулук тармагында» директорлор кеңешинин мүчөсү;
2010-2013-жылдары — «Бишкек машина куруу заводунда» маркетинг жана жарнама бөлүмүнүн башчысы;
2013-2014-жылдары — «Бишкек штамптоочу заводунда» директордун орун басары;
2014-2018-жылдары — «Бишкек штамптоочу заводунун» директору;
2018-2019-жылдары —  Эл аралык «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү;

Үй бүлөлүү, эки баланын атасы.  Англис, түрк, немис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.